БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫН УЛУТТАР АРАЛЫК МАДАНИЯТКА ТАРБИЯЛООНУН КРИТЕРИЙЛЕРИ ЖАНА ДЕҢГЭЭЛИ
Макалада азыркы мектептин башталгыч классынын окуучуларынын улуттар аралык маданиятка тарбиялоонун маселеси каралган. Мектепте улуттар аралык маданиятка тарбиялоону уюштуруу процесси окуучуларды адамдын жана улуттун укуктары, улуттук жана адамзаттык баалуулуктар жөнүндө илимий билимдер системасы менен тааныштырууну, атуулдук аң-сезимди өнүктүрүүнү, улуттар аралык маданиятка тарбиялоону калыптандырууну камтыйт. Изилдөөнүн жүрүшүндө класстан тышкаркы иштерде башталгыч кластардын окуучуларынын улуттар аралык маданиятка тарбиялангандыгынын компоненттери (когнитивдик, мотивациялык, иш аракеттик, баалоочу-жыйынтыктоочу), анын критерийлери жана алардын жогорку, орточо, төмөнкү деңгээлдери аныкталган. Башталгыч класстардын окуучуларынын улуттар аралык маданиятка тарбиялоонун өзгөчөлүктөрүн изилдөө, анын компоненттерин жана анын критерийлерин аныктоону талап кылат. Бул окуучулардын улуттар аралык маданиятка тарбиялоо процессинин натыйжалуулугун арттыруунун башкы шарты болуп саналат.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1, С. 87-96
- Язык
- Кыргызский
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University