ЖОЖДОРДО ЧЕТ ТИЛИН ОКУТУУДА «МУЛЬТИМАДАНИЙ КОМПЕТЕНЦИЯ» ТҮШҮНҮГҮНҮН ПЕДАГОГИКАЛЫК МАҢЫЗЫ
Макалада чет тили предметтери боюнча республиканын жогорку окуу жайларында окуп жаткан болочоктогу мугалимдин предметтик (кесиптик) ишмердүүлүгүнүн негизин мультимаданий компетенция түзөѳрү каралды. Мультимаданий компетенцияны калыптандыруу проблемалары жогорку окуу жайларындагы окутуунун заманбап технологияларынын негизги максаттары, милдеттери жана натыйжалары катары каралышы зарыл. Окуу жайлардагы окуу планынын мамлекеттик компоненти катары «чет тили» предметинин экинчи тил катары мүнѳзү автор тарабынан макалада ачылат. Макаланын авторунун ишениминде бул, баарынан мурда, окуу процессинде «тилди» жана «маданиятты» бир мезгилде окутуу зарылдыгынан улам келип чыккан педагогикалык жана дидактикалык шарттуулук. Ошентип, тилди маданияттын шарты катары да, анын элементтеринин бири катары да кароого болору белгиленди. Макаланын материалдары бул түшүнүктѳрдүн ѳз ара карым-катышы проблемалары жѳнөкөй эле маселелерден эмес экенине туура баа берүүгѳ мүмкүнчүлүк берет деген ишенимдебиз. Ошондой эле, тилди маданияттын шарты катары да, анын элементтеринин бири катары да кароого болот. Макала мындагы окуу материалдарын республиканын жогорку окуу жайларынын окутуучулары, аспиранттар менен магистранттар жана мектеп мугалимдери сабак процессинде колдонууларына мүмкүн болгон практикалык мааниге ээ.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1, С. 77-86
- Язык
- Кыргызский
- Цитирований
- 1
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University