СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫНЫН СТУДЕНТТЕРДИН САЛАМАТТЫГЫН КАЛЫПТАНДЫРУУДАГЫ МЕДИКО-СОЦИАЛДЫК МААНИСИ
Макалада изилдөөнүн маалыматтары боюнча студент жаштардын сергек жашоо образын калыптандырууга болгон мамилеси изилденет. Сурамжылоого ОшМУнун медициналык жана башка факультеттеринин 180 студенти катышкан, анын ичинен 85 (47,3%) балдар жана 95 (52,7%) кыздар. Сурамжылоого катышкан студенттердин сергек жашоо образы жаатында ишенимдүү билимдери бар экени, бирок аларды иш жүзүндө толук колдонбой жаткандыгы аныкталат. Студенттердин көпчүлүгү 65% ден-соолугун жакшы деп баалашат жана көбүнчө бош убактысын компьютерде/телевизордо өткорүүнү же достору менен өткөрүүнү жактырышат. Сурамжылоого катышкан 56,5 % университеттеги жалпы чөйрө студенттердин сергек жашоо образын калыптандырууга көмөктөшөт деп эсептесе, 27,2% жетишсиз жана 16,3% сергек жашоо образын калыптандырууга шарт түзбөйт деп эсептешет.
Сведения
- Опубликовано
- 2023 · № 1, С. 7-14
- Язык
- Русский
- Цитирований
- 2
- ISSN
- 1694-7452 · 1694-8610
- Издатель
- Osh State University