Alatoo Academic Studies, 2026, т. 20, № 1, с. 358-371
Ч. АЙТМАТОВДУН ЖАНА Л. ХУНЪЮЙДУН АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРЫНДА ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАРДЫН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫН САЛЫШТЫРМА ИЗИЛДӨӨ
Аннотация · Abstract
Кыргыз калемгери Чыңгыз Айтматов менен кытай жазуучусу Ло Хунъюйдун адабий чыгармаларында жалпы адамзаттык баалуулуктардын чагылдырылышын салыштырма аспектте изилдөө учурда актуалдуу болуп эсептелет. Анткени Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына карата Кытай Эл Республикасында кызыгуу өтө күчтүү, ошол эле учурда кыргыз окурмандары Ло Хунъюйдун чыгармачылыгы туурасында азырынча жакшы билишпейт. Ал эми Ч. Айтматов жана Л. Хунъюй дээрлик замандаш, алардын чыгармачылыгында идеялык-тематикалык жактан үндөш жагдайлар арбын. Бул дагы изилдөөнүн максатын – Ч. Айтматовдун жана Л. Хунъюйдун көркөм туундуларында чагылтылган жалпы адамзаттык баалуулуктарды талдоону жана мына ушул аркылуу аталган авторлордун чыгармачылыктарынын баалуулуктук багыт алуусун ачууну орундуу кылат. Арийне, эки калемгердин чыгармачылыктарын изилдөөдө салыштырма-тарыхый жана аксиологиялык методологияны колдонуу максатка ылайыктуу болот. Натыйжада аталган эки калемгердин баалуулуктук багыт алуулары тагыраак ачылат.
Сведения · Details
- DOI 10.17015/aas.2025.251.29
- Журнал · Journal Alatoo Academic Studies
- Язык · Language кыргызский
- Цитирования (Crossref) · Citations 0